Ош шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү
6 март

Ош шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү

Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Ош шаарынын Керме-Тоо муниципалдык аймагына караштуу Анар кичи районунун жашоочусу, үч эм төрөгөн Мавлюда Бердигуловадан кабар алып, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин атынан 50 000 сом өлчөмүндө сертификат жана наристелерге белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, наристелер 2026-жылдын 20-февралында Ош облустук төрөт стационарында жарык дүйнөгө келген. Бүгүнкү күндө эненин жана ымыркайлардын абалы жакшы.