Бишкекте чет өлкөлүк жарандар арасында алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү
Ленин РИИБдин басма сөз кызматы
23 июль

Бишкекте чет өлкөлүк жарандар арасында алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү

Бишкек шаарынын Ленин районунда чет өлкөлүк жарандар арасында алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы билдирет. 

Иш-чаранын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, коомдук тартиптин талаптарын сактоо, ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана коомдук жүрүм-турум эрежелерин урматтоо, өлкө аймагында белгиленген тартипти сактоо, мыйзам бузган учурда жоопкерчилик каралары тууралуу маалымат берилди.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу багытында профилактикалык иш-чараларды улантууда.