Бишкектин айрым бөлүгүндө 28-майда убактылуу суу өчүрүлөт
www
26 май

Бишкектин айрым бөлүгүндө 28-майда убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым бөлүгүндө 28-майда саат 10:00дөн 00:00гө чейин убактылуу суу өчүрүлөт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов проспекти – И. Ахунбаев көчөсү – Ш. Руставели көчөсү – А. Баатыр көчөсү – Джунусалиев көчөсү – Грибоедов көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү – Садырбаев көчөсү – Коперник көчөсү – Курчатов көчөсү – Ташауз көчөсү – Айни көчөсү.

Суу берүү Шота Руставели көчөсүндөгү Д= 300мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды,  тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.