президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
26 май
Баткен облусунун башчысы чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады
Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгында 28-май, “Чек арачылар күнүнө” карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Облус башчысы чек арачыларды куттуктап, ийгиликтерди каалады.
"Өзгөчө Баткен облусунун чек арасында кызмат өтөгөн чек арачылардын эмгеги баалоого арзыйт. Кооптуу шарттарга карабастан, элдин тынчтыгы, жердин бүтүндүгү үчүн кызмат өтөп жаткан мекенчил уулдарыбыз – элибиздин чыныгы баатырлары", – деди ал.
Салтанатуу иш-чаранын соңунда кызматтык милдеттерин аткарууда, күжүрмөн эмгеги үчүн бир катар чек арачыларга сыйлыктарын тапшырды.
