Алиев учурдагы шайлоо мыйзамын 7-чакырылыш “кайсы бир күчтөрдүн таасири алдында” кабыл алганын ачыктады
26 май

Алиев учурдагы шайлоо мыйзамын 7-чакырылыш “кайсы бир күчтөрдүн таасири алдында” кабыл алганын ачыктады

Депутат Медер Алиев “КР президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамды 7-чакырылыш  “кайсы бир күчтөрдүн таасири менен эле кабыл алып койгонун” айтты. 

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинде аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбоору 1-окууда каралды. 

Алиев мыйзамдагы “бир талапкер миңге чейин үгүтчүнү жалдай алат” деген норма – акчалуулар үчүн мүмкүнчүлүк болуп берди деп эсептейт. 

“Чын чынында элге талапкердин идеясын, жүрүм-турумун көрүп-билип шайлоого мүмкүнчүлүк бериш керек. Баарыбыз шайлоого катышып көрдүк, мыйзамсыз байыган олигархтар барышты, эми соттун чечимисиз кимдир бирөөнү күнөөлөгөнгө болбойт дечи, бирок эл кимдин ким экенин жакшы билет. Өткөнкү чакырылышта ушул мыйзамды кайсы бир күчтөрдүн таасири менен эле кабыл алып койдук да”, – деди депутат. 

Демилгечи Камила Талиева “миң үгүтчүнүн азабын” өзү да жакшы эле тартканын, акырындык менен мыйзамды иретке келтирүү керектигин айтты. 

Ошондой эле Талиеванын айтымында, шайлоо өнөктүгүнө берилген бир ай убакыт аз. Жок эле дегенде 3 ай кылуу керек. 

“Жер жерлерди кыдырууга бир айда физикалык жактан жетишпей каласың”, – деди ал.