Төрага Марлен Маматалиев Талас облусуна иш сапары менен барды
Бүгүн, 6-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев Талас облусуна иш сапары менен барды.
Алгач төрага Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексине зыярат кылып, андагы жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринен кабар алды.
«Манас» дастаны маданиятыбыздын жана руханий баалуулуктарыбыздын башаты экенин белгилеген Төрага Марлен Маматалиев: «Андыктан, бул тарыхый жайдын мааниси өтө чоң. Өлкө жетекчиси Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери ийгиликтүү аяктаса, келген зыяратчылардын, туристтердин санынын көбөйүшүнө өбөлгө түзөрү анык. Бул өз кезегинде облустун туристтик потенциалын жогорулатууга жардамчы болуп, аймактын экономикалык өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизет», – деди.
Ошону менен катар реконструкциялоо иштерин Эгемендүүлүк күнүнө карата бүткөрүү пландалганын эске салган Төрага мерчемделген жумуштарды өз убагында, сапаттуу кылып жасоого чакырды.
Кошумчалай кетсек, аталган жай 1995-жылы «Манас» эпосунун миң жылдык маарекесинен кийин «Манас Ордо» комплекси болуп негизделип, 2001-жылы ага «улуттук» деген макам ыйгарылган. Жалпы аянты 225 гектарды түзүп, анда тарыхый-архитектуралык эстеликтер, китепкана, жаш манасчылар мектеби, музейлер, ат майданы жана башка маданий жайлар орун алган. Учурда да кошумча имараттар курулуп, жаңылоо иштери жүрүүдө.
