Бишкекте «жалган милиционер» кармалды
25 сентябрь

Бишкекте «жалган милиционер» кармалды

Бишкекте «жалган милиционер» кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, ИИМге О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, өзүн «милициянын майору» катары тааныштырып, 2024-жылдан бери Кореядан автоунаа алып келип берем деп, алдоо жолу менен анын акча каржатын ээлеп алган адамга карата чара көрүүнү суранган.

Андан тышкары, акчаны кайтарууну талап кылган учурда, арыздануучунун денесине залал келтирүү жана интим сүрөттөрүн жайылтуу менен коркуткан.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Жазык кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан 1983-жылы туулган М.Э. аттуу «жалган» милиция кызматкери кармалып, тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдары улантылууда.