Бишкек: Курулуш талаптары сакталбаган объекттеги иштер токтотулду
23 июль

Бишкек: Курулуш талаптары сакталбаган объекттеги иштер токтотулду

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы курулуш тармагындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышы боюнча туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүп келет.

Анын алкагында Бишкек шаарынын Дэн Сяопин проспектиси 391 дарегинде жайгашкан үч кабаттуу мейманкананын курулушунда бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Маалым болгондой, курулуш ченемдеринин, техникалык регламенттердин жана курулуш тармагында колдонулуучу башка милдеттүү талаптардын толук көлөмдө сакталган эмес.

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “ПГС Элит” ЖЧКсына аныкталган кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилди. Ошондой эле тиешелүү протокол түзүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мыйзам бузуулар толук жоюлуп, курулуш мыйзамдарынын талаптары аткарылганга чейин объекттеги курулуш иштери убактылуу токтотулду.