Ысык-Көлдө кара куурайдын сабагын өзгөчө ири өлчөмдө сатууга аракет кылган жаран кармалды
Ысык-Көл районунда баңгизатын мыйзамсыз өндүрүү жана таратуу каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
УКМК кызматкерлери тарабынан баңги каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 2025-жылдын 19-сентябрында кара куурай сабагын 70 миң сомго өзгөчө ири өлчөмдө сатуу аракетинде Т.А. аттуу жаран кармалган, анын жашаган жеринен кара куурайдын чайыры түрүндөгү баңги каражаттары, баңги каражаттарды кол өнөрчүлүк жол менен даярдоо боюнча буюмдар жана шаймандар, ошондой эле эч кандай уруксат берүүчү документтери жок ок-дарылар табылып алынган. Алынган баңги заттардын жалпы салмагы 12,6 кг түздү.
Ошондой эле жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Т.А. тарабынан ири өлчөмдөгү гашиш түрүндөгү баңги каражаттарды системалуу сатуу фактылары катталган.
Т.А.га карата Каракол шаарынын тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган. Тергөө иштери жүрүп жатат.
КР УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо иштерин улантууда.
