Унаа: айдоочулук даярдык жана күбөлүктөрдүн берилиши юоюнча маалымат
Кыргыз Республикасында айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана айдоочулук курамдын абалы тууралуу маалымат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор 2025-жылдын январь–сентябрь айлары боюнча айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, экзамендик иштердин жыйынтыктары жана айдоочулук курамдын абалы тууралуу маалымат берет.
Айдоочулук жана тракторист-машинист күбөлүктөрүн берүү 2025-жылдын 9 айынын ичинде республика боюнча жалпы 135 196 айдоочулук күбөлүк берилген. Анын ичинен:
• 132 091 – улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк;
• 2 541 – эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк;
• 564 – тракторист-машинист күбөлүгү.
Теориялык экзамендин жыйынтыктары
2025-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейинки мезгилде транспорт каражатын башкаруу укугун алуу үчүн теориялык экзаменге 500 678 талапкер катышкан.
• 74 646 талапкер экзаменди ийгиликтүү тапшырган;
• 281 661 – экзаменден өтө алган эмес;
• 144 371 – экзаменге катышкан эмес.
Практикалык экзамендин жыйынтыктары
Белгиленген мезгил ичинде практикалык экзаменден 186 886 талапкер өткөн. Алардын ичинен:
• 87 590 – экзаменди ийгиликтүү тапшырган;
• 99 296 – экзаменден өтө алган эмес.
Айдоочулук күбөлүктөрдүн гендердик курамы
2025-жылдын 30-сентябрына карата Кыргыз Республикасында жалпы 3 039 947 жарактуу айдоочулук күбөлүк катталган.
Анын ичинен:
• 2 538 532 (83,5%) – эркектерге тиешелүү;
• 501 415 (16,5%) – аял айдоочуларга тиешелүү.
Бул көрсөткүчтөр айдоочуларды даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатында жүргүзүлүп жаткан реформаларды кабарлайт. Максат -окутуунун сапатын жогорулатуу, жол кырсыктарынын санын азайтуу жана жол коопсуздугун камсыз кылуу.
