Тармактык комитет Конституциялык соттун ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды
26 май

Тармактык комитет Конституциялык соттун ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. 

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Кыргыз Республикасынын Президенти. 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев белгилегендей, сунушталган конституциялык мыйзам долбоорунун негизги максаты – Конституциялык соттун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, сотко кайрылууга укуктуу субъекттердин институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, сот өндүрүшүнө санариптик механизмдерди киргизүү, ошондой эле Конституциялык соттун актыларынын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу болуп эсептелет.

Мындан тышкары, Конституциялык соттун чечимдерин жана корутундуларын аткаруу максатында даярдалган мыйзам долбоорлорун мыйзам чыгаруу демилгесине ээ субъекттер коомдук талкуусуз шашылыш тартипте киргизип, Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте бир эле учурда үч окууда кароо сунушталууда.

Талкуу маалында депутаттар Мирлан Жеенчороев менен Улан Сариев мыйзам чыгаруу демилгесине ээ субъекттер тарабынан мыйзам долбоорлорун коомдук талкуусуз шашылыш тартипте киргизүү жана аларды Жогорку Кеңеште кезексиз тартипте бир эле учурда үч окууда кароо бөлүгүнө байланыштуу бир катар маселелерди такташты.