Депутат студенттерди Кантка көчүрүүнү сунуштады
12 март

Депутат студенттерди Кантка көчүрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин 12-мартындагы жыйынында эл өкүлү Марлен Маматалиев Бишкектеги тыгын маселесин чечүү жолун айтты. Ал жогорку окуу жайлардын баарын Кантка көчүрүүнү, ал эми облустук башкармалыктарды Чүй облусуна жана Токмокко көчүрүүнү сунуштады. 

Анын айтымына караганда, бүгүн шаарда тыгын жок, анткени бала бакча, мектеп жана жогорку окуу жайлар аралыктар окууда. 

"Борбордун жолдорун жеңилдетүү үчүн Кант шаарын студенттер шаарчасына айландырсак болмок", - деди ал. 

Ал ошондой эле облустук бийлик органдарын Бишкек шаарынан чыгарууну сунуштоодо.

"Келгиле, аларды кайрадан Токмокко көчүрөбүз. Аларга бул жакта болуунан эмне кажети бар?", - деди Маматалиев.