ӨКМ 60 метрлик тепкичи бар жаңы өрт өчүрүүчү унаага буйрутма берди
18 июнь

ӨКМ 60 метрлик тепкичи бар жаңы өрт өчүрүүчү унаага буйрутма берди

Кыргызстанда учурдагы өрт өчүрүүчү техникалар 22-кабаттан жогору имараттардагы өрттөрдү коопсуз өчүрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк практикада өрт өчүрүүчү тепкичтердин максималдуу узундугу болжол менен 70 метр менен чектелет. Андан жогору бийиктикте иштөө куткаруучулар үчүн кооптуу болуп саналат. Учурда Кыргызстандын ӨКМинин карамагында мындай төрт атайын техника бар: экөө Бишкекте, экөө Ошто. Алардын мүмкүнчүлүгү болжол менен 22 кабат бийиктикке чейин эсептелген.

40 кабатка чейинки жаңы көп кабаттуу турак жай комплекстери курулуп жаткан шартта, андан бийик имараттардагы өрттөрдү өчүрүү үчүн министрлик курулуш компанияларынан кошумча коопсуздук системаларын орнотууну талап кылууда.

Милдеттүү талаптардын катарына ички өрт өчүрүү системалары, сууну жогорку кабаттарга жеткирүүчү атайын суу түтүктөрү жана ички эвакуациялык тепкичтер кирет.

Министрликтин башчысы ӨКМ 60 метрлик тепкичи бар жаңы өрт өчүрүүчү автоунаага буйрутма бергенин билдирди. Мындай атайын техниканын баасы болжол менен $1 млн түзөт.