Ошто 73 жаштагы таксистти өлтүрүүгө шектелген 28 жаштагы жигит кармалды
14 май

Ошто 73 жаштагы таксистти өлтүрүүгө шектелген 28 жаштагы жигит кармалды

Ошто 73 жаштагы таксистти өлтүрүүгө шектелген 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, улгайган айдоочу кардарларды «Он-Адырдын» аймагынан алып кетчү. Анын жүргүнчүлөрүнүн бири мурда соттолгон 28 жаштагы М. уулу Ш. болгон.

Маалыматка караганда, таксист шектүүнү «Түштүк» кичи районуна алып барган. Ал жерде жүргүнчү айдоочунун башына таш менен ондон ашык жолу сокку урган. Андан соң маркумдун сөөгүн талаага таштап кетип, анын Honda Jazz үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кеткен.

Кийинчерээк шектүү уурдалган унаа менен жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден из жашырган. Бирок көп өтпөй милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

73 жаштагы жаран алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.