Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн түштүк тарабы үч күнгө жабылат
21 август

Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн түштүк тарабы үч күнгө жабылат

Бишкекте 23-августтан 25-августуна чейин Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн жеке автоунаанын ордуна коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштайт.