Президент: Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбейт
6 март

Президент: Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбейт

Президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде Ички иштер министрлигине жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде тест алууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алуу боюнча комментарий берди.

Анын айтымына караганда, бул демилге жол эрежесин бузгандарды токтотуп, эрежелерди сурап, текшерүү максатында Ички иштер министрлиги аркылуу кирген.

"Эгер айдоочу жол эрежелерин таптакыр билбесе, анда күбөлүктөрүн алып, кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтөт экен.Негизинен бул ыкма туура. Бирок кичине эртерээк деп ойлойм. Себеби биринчи кезекте МАИ кызматкерлеринин өздөрүн толук даярдап чыгышыбыз керек. Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбеген учурлар кездешет", - деди ал.

Президент качан гана МАИ кызматкерлер өздөрү даяр болгондо бул маселени кайрадан көтөрсө болорун кыйытты.

"Бул маселенин максаты жол кырсыктарын азайтуу болуп саналат. Мен дайыма айтып келем, мурда күбөлүктү окубай эле сатып алгандардын кесепетинен жол кырсыктары көбөйүп, жарандарыбыз көп кырсыктап жатат.

Ошону жоюунун бир ыкмасы ушул. Негизи эле элибиз “люстрация” деген сөздү жакшы көрүшөт го. “Люстрация” кылыш керек деген сөздү көп колдонушат. Бул да “люстрациянын” бир бөлүгүнө кирет.

Бийлик бутактарын беш жылдан бери “люстрация” кылып, жогорку бутактарда дээрлик баарын бүтүрдүк. Эми башка бутактарды да “люстрация” кылалы да.

Башка кандай жол менен “люстрация” кылабыз бул тармакты? Эгер жол эрежесин бузгандарды тим койсок жол кырсыктары күндөн-күнгө күчөй берет.

Жарандарыбыз кайтыш боло берет. Майыптар көбөйө берет. Ошондуктан бул тармакка катуу көңүл бурушубуз керек.

Мамлекет башчысы эми мындан ары күбөлүк сатып алуулар тыкыр көзөмөлдөнө тургандыгын кошумчалады.

"Бул маселени мамлекет колго алдык. Мурда күбөлүк сатып алып, жол эрежесин билбей айдап жүргөн айдоочуларды жол эрежесин билүүгө үйрөтүшүбүз керек. Мына ошондо гана Кыргызстандын жолдорунда коопсуз жүрүүгө болот", - деди.