Корумду-Балбай-Баатыр жолунун 78 чакырымы асфальтталды
Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай-Баатыр тилкесинде бир катар жол иштери аяктап калды. Ушул жылдын курулуш мезгилинде 78 чакырым асфальттын алдыңкы катмары жана 20 чакырым асфальттын үстүнкү катмары тɵшɵлдү.
Жер негизин даярдоо, суу ɵткɵрүүчү түтүктɵрдү орнотуу жана 16 кɵпүрɵнүн курулушу 90 % га аяктады.
Учурда вело жолдорду куруу, жол жээгин бекемдɵɵ иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, учурдагы автожол 4 тилкелүү болуп, ортосу темир тосмолор менен тозулат. Долбоордун алкагында жарыктандыруу, жашылдандыруу, калктуу конуштарда аялдамалар, эс алуу зонасы жана унаа токтотуучу жайлар курулат.
