13 миң сомго чейин айып салынат.  Бишкек мэриясы жашыл аянт унаа токтотууга болбой тургандыгын эскертти
20 сентябрь

13 миң сомго чейин айып салынат. Бишкек мэриясы жашыл аянт унаа токтотууга болбой тургандыгын эскертти

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору мыйзамсыз унаа токтотуу боюнча кезектеги рейд өткөрүштү. Унааларын газондорго токтоткон айдоочуларга чара көрүлдү.  

Мэриянын маалыматына караганда, 7-Апрель көчөсүндөгү жашыл аянтка үч айдоочу унаасын токтоткон. Аларга карата  Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн КРнын "Укук бузуулар жөнүндө"  кодексинин 114-беренеси боюнча жалпы суммасы 9 000 сомго протоколдор түзүлгөн.

"Айдоочулардын кайдыгерлигинен улам жашыл аянт бузулуп, чөп өспөй калат. Мындай иш-аракеттер мыйзам чегинен тышкары жана борбор шаардын көркүн бузат", - деп айтылат маалыматта. 

Мэрия айдоочуларга кайрылып, жашыл аянтка унаа токтоткондорго КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык, 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынарын эскертти.