Кыргызстанда энелер арасындагы оор акушердик татаалдашууларга мониторинг жүргүзүүнүн улуттук системасы кеңейтилүүдө
14 май

Кыргызстанда энелер арасындагы оор акушердик татаалдашууларга мониторинг жүргүзүүнүн улуттук системасы кеңейтилүүдө

Бишкекте энелер арасындагы оор акушердик татаалдашуулар боюнча Акушердик байкоо жүргүзүү жана чара көрүү улуттук системасын (САНиР) кеңейтүүгө арналган иш-чара өттү.

Иш-чарага саламаттык сактоо тутумунун өкүлдөрү, төрөт үйлөрүнүн адистери, эл аралык өнөктөштөр жана энелердин саламаттыгын коргоо жаатындагы эксперттер катышты.

Катышуучулар өлкөдөгү беш төрөт үйүндө САНиР системасын пилоттук негизде киргизүүнүн жыйынтыктарын, системаны улуттук деңгээлде андан ары кеңейтүү, ошондой эле оор акушердик татаалдашуулар учурунда ыкчам чара көрүү механизмдерин өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Чыгыш Европа Репродуктивдик ден соолук институтунун системасынын базасында түзүлгөн САНиР санариптик платформасына бурулду. Бул платформа реалдуу убакыт режиминде оор абалдарды көзөмөлдөөгө, энелер арасындагы оор татаалдашууларды талдоого жана медициналык жардам көрсөтүүдөгү системалык кемчиликтерди өз убагында аныктоого мүмкүндүк берет.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга төрөт үйлөрүнөн, облустук мекемелерден, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдарынан электрондук маалыматтарды чогултуу системасынын иштөө тартиби көрсөтүлдү. Ошондой эле аймактар аралык өз ара аракеттенүү жана аналитикалык маалыматтарды энелердин саламаттыгын коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты жана практиканы өркүндөтүү үчүн пайдалануу маселелери талкууланды.

САНиР — бул энелер арасындагы оор акушердик татаалдашуулар, анын ичинде өлүм алдында турган, бирок өз убагында көрсөтүлгөн медициналык жардамдын аркасында аман калган учурлар боюнча маалыматтарды чогултуу, талдоо жана чара көрүү боюнча улуттук система. Система алдын алууга мүмкүн болгон энелер арасындагы татаалдашуу жана өлүм учурларын азайтууга, медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана маалыматтарга негизделген чечим кабыл алуу механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган.

Энелер арасындагы оор акушердик татаалдашуулар боюнча Акушердик байкоо жүргүзүү жана чара көрүү улуттук системасы (САНиР) БУУнун Калк фондусу (ЮНФПА) тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун «Сандардын артында эмне жашырылган?» ыкмасынын алкагында иштелип чыккан. Система оор учурларды талдоо, медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу жана маалыматтарга негизделген чечимдерди киргизүү аркылуу энелердин алдын алууга мүмкүн болгон татаалдашуулар жана өлүмүн азайтууга багытталган.