Жаңы-Жол айылынын башкы суу алуучу курулмасы калыбына келтирилет
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылынын ичүүчү суу менен камсыздоо системасынын долбоорлоо иштери аяктап жатат.
Мындан тышкары, корутундулар алынгандан кийин курулуш-монтаждоо иштерин баштоо пландалууда.
Жеринде мамлекеттик мекеменин директорунун, Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысынын жана долбоорлоо институтунун жетекчисинин катышуусу менен жумушчу кеңешме өткөрүлдү. Кеңешменин жыйынтыгында негизги жана кошумча скважиналарды жайгаштыруу жерин аныктоо чечимдери кабыл алынды.
Курулуштун алкагында төмөнкү иштер каралган:
- суу менен камсыздоонун инженердик түйүндөрүн алмаштыруу жана монтаждоо;
- жаңы резервуарларды долбоорлоо жана куруу;
- системанын ишенимдүүлүгүн жана узак мөөнөттүү колдонулушун камсыз кылган технологияларды киргизүү;
- инфраструктура объектилерин мүмкүн болгон табигый кырсыктардан коргоо чаралары.
Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылынын башкы суу алуучу курулмасы көрүлдү.
Эскерте кетсек, буга чейин Жаны-Жол айылынын суу менен камсыздоо системасы жана башкы суу алуучу курулмасы селдин кесепетинен зыянга учураган.
Көрүү учурунда долбоорлоо институтуна альтернативдүү суу алуу долбоорлорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Жыйынтыгында суу тазалоо жана суу алуу маселесин чечүүгө багытталган бир катар иш-чаралар пландалууда. Ошондой эле АРИСтин адистери тарабынан жогорудагы системаны пайдалануу боюнча окутуулар өткөрүлөт.
