Президент ырайым кылган Ажиев жөнүндө: Апасы чалып, турмушубуз аябай оорлошуп кетти деди
6 март

Президент ырайым кылган Ажиев жөнүндө: Апасы чалып, турмушубуз аябай оорлошуп кетти деди

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик агенттикке берген маегинде мыйзамсыз вебкам студияларды иштеткени үчүн соттолгон Даниэл Ажиевдин айланасындагы акыркы талкууларга байланыштуу комментарий берген. 

Мамлекет башчысы анын апасы телефон чалгандан кийин, ырайым берүү чечими кабыл алынган.

"Ооба, туура. Ырайым берип бошотконбуз. Мага Ажиевдин апасы кайрылган. Вотсап номеримди кимден алганын билбейм, түздөн-түз видео кайрылуу менен кайрылган экен. “Келиним 4 баласы менен кыйналып жатат, бир баласы майып, жашоо-турмушубуз аябай оорлошуп кетти, балама ырайым берип чыгарып бериңиз. Балам мындан ары тартиптүү болуп, тынч жүрөт, мен кепилдик берем”, - деп. Мен боорукер адаммын. Чындап эле ишенип, ырайым бердим", - деди.

Президент бир эле Ажиевге эмес, ошол күнү жалпысынан оор эмес кылмыш кылган 75 соттолуучуга ырайым берген.

"Анан эле мага “Ажиев түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатат” деген кабар келди. Дароо ошол замат тик учакты кайра артка кайтартып, учкан ордуна кондурдук. Ошентип Ажиев машина менен үйүнө кетти. “Тик учак менен учуп кетти” деген маалымат чын. Бирок 15 мүнөт өтпөй учакты артка кайтартып, учкан ордуна кондурганбыз", - деди ал.

Садыр Жапаров учак боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигин күнөөлөп жаткандарга жооп берип, бул жерде министрликтие эч кандай күнөөсү жоктугун баса белгиледи.

"Тик учактар өзгөчө кырдаалдардан сырткары коммерциялык буйрутмаларды дагы аткара берет. Күндө эле өзгөчө кырдаалдар боло бербейт да. Ошондуктан тик учактар өзүн-өзү акташ үчүн бош убактарда коммерциялык буйрутмаларды аткара беришине уруксат бергенбиз. Ким акчасын төлөп, буйрутма берсе учак кызмат көрсөтө берет. Ал жерде Ажиевди түрмөнүн жанынан алып кетүү деген буйрук болбойт. Учуп барып конуу локациясы, кайра учуп келип конуу локациясы, учуу сааты жана адамдардын саны гана көрсөтүлөт", - деп, министрликти күнөөлөштүн кереги жоктугун айтты. 

Мамлекет башчысы эгер кимде-ким тик учактын кызматынан пайдалангысы келсе, акчасын төлөп пайдалана берсе болорун эске салды.

"Ал эми Ажиев темасына кайтып келсек, мен дагы угар замат дендароо боло түштүм. Апасы “итке минип калдык” деп ыйлап атса, баласы болсо түрмөдөн тик учак жалдап учуп жатса, “мени алдаган экен да” деп.

Негизи менин боорукерлигимден жана жумшак мамиле жасаганымдан көптөрү пайдаланышат. Бирок көпкө узашпайт. Жумшак кишилердин катуулугу кармаса таптакыр жазылбайт эмеспи", - деп кошумчалады ал.