Кыргызстанда төрөттүн саны азайды
www
12 июль

Кыргызстанда төрөттүн саны азайды

Кыргызстанда 2025-жылы 140,5 миң бала төрөлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Салыштыруу үчүн айтсак, 2021-жылы өлкөдө 150,2 миң бала төрөлгөн.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы төрөлүү коэффициенти калктын ар бир миң адамына 19,1 төрөлгөн ымыркайды түздү.

2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 12,9%га төмөндөгөн. Ал жылы калктын ар бир миң адамына 21,9 төрөлгөн ымыркай туура келген.

2025-жылы төрөлүү деңгээли эң жогору Баткен облусунда катталып, калктын ар бир миң адамына 23,4 ымыркайдан туура келген.

Ош облусунда бул көрсөткүч 22,1ди, Жалал-Абад облусунда 21,7ни, ал эми Нарын облусунда 20,8 төрөлгөн ымыркайды түзгөн.

Жыныстык курамы боюнча олуттуу өзгөрүү болгон жок. Төрөлгөн балдардын 51%ы уулдар, 49%ы кыздар болду. Мындай катыш Кыргызстанда акыркы бир нече жылдан бери сакталууда.

Төрөлгөн балдардын саны азайып жатканына карабастан, өлкөнүн калкынын жалпы саны өсүүнү улантууда. 2026-жылдын башына карата Кыргызстанда 7,4 миллиондон ашуун адам жашаган.