Корумду – Балбай-Баатыр жолунун 78 чакырымы асфальтталды
Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай-Баатыр тилкесинде бир катар жол иштери аяктап калды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүдө айтылгандай, ушул жылдын курулуш мезгилинде 78 чакырым асфальттын алдыңкы катмары жана 20 чакырым асфальттын үстүнкү катмары тɵшɵлдү.
Жердин негизин даярдоо, суу ɵткɵрүүчү түтүктɵрдү орнотуу жана 16 кɵпүрɵнүн курулушу 90 % га аяктады.
Учурда веложолдорду куруу, жол жээгин бекемдɵɵ иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, учурдагы автожол 4 тилкелүү болуп, ортосу темир тосмолор менен тосулат. Долбоордун алкагында жарыктандыруу, жашылдандыруу, калктуу конуштарда аялдамалар, эс алуу зонасы жана унаа токтотуучу жайлар курулат.
