Баткенде аскер бөлүккө таандык жерлер мамлекетке кайтарылды
10 ноябрь

Баткенде аскер бөлүккө таандык жерлер мамлекетке кайтарылды

Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын УКМКсы менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүдө, чек ара заставаларын уюштуруу үчүн берилген 2,59 га жер тилкелери 2001-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы жана көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 42,1 млн сомдук жер тилкелер мамлекеттин менчигине кайтарылып, КР УКМКнын Чек ара кызматынын бир аскер бөлүгүнүн балансына өткөрүлүп берилди.