Президент акыркы жылдары жаштардын шайлоого катышуусу солгундап баратканын айтты
Акыркы жылдары жаштардын шайлоого катышуусу солгундап баратат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте өтп жаткан "Кыялымдагы Кыргызстан" республикалык жаштар форумунда сөз сүйлөп жатып билдирди.
Мамлекет башчысы шайлоого баруу – бул жарандык милдет, Мекен алдындагы жоопкерчилик экендигин баса белгиледи.
"Бүгүнкү форум Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолорго тушташ өтүп жаткандыгына байланыштуу, бир-эки ооз сөз айтып коюуну туура көрүп турам. Өзүңөргө жакшы маалым, буга чейинки саясий тоз-тополоң, митингддер жалаң ушул шайлоолордон улам чыгып келген. Шайлоонун жүрүшүндөгү адилетсиздик, добуштарды каратып туруп эле сатып алуу, “карусель” уюштуруу, элдин пикири менен эсептешпөө, ачык-айкындыкты камсыз кылбоо көндүм эле көрүнүш болчу", - деп, азыр эми андай болбойт, ага чекит койдук деди.
Мамлекет башчысы шайлоо тилкелеринин баары электрондук эсептөөчү аппараттар менен камсыз болгондугун, бир киши бир гана жолу добуш бере алат, ал ачык көрүнүп турарын кошумчалады.
"Добуш сатып алуу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу дегенди тыкыр көзөмөлгө алып жатабыз. Ар бир шайлоочунун укугу корголо турган шарттарды түзүп бердик. Мамлекет тарабынан жасала турган иштердин бардыгын жасадык. Эми шайлоочулар абийирин таза кармап, ар-намысына келиши зарыл. Өз добушун арзыбаган тыйынга сатып, кийин бармагын тиштеп жүрбөшү керек. Тилекке каршы, “Кой аксагы менен миң” дегендей, андайлар да чыгат. Бирок, жаштар, Кыргызстандын келечеги үчүн андай жолго барбашыңарды өтүнөм!", - деди ал.
Президент жыйырма күндөн кийин, 30-ноябрда, Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланарын эске салды.
"Шайлоого баруу – бул жарандык милдет, Мекен алдындагы жоопкерчилик! Ушуну унутпаңыздар. Бул ирет жаштар өлкөнүн мыйзам чыгаруу органына татыктуу депутаттардын келиши үчүн, дагы беш жылдык келечегибиз үчүн туура тандоо жасап, өз тагдырын өзү чечкен муун катары тарыхка кирет деп бекем ишенем!", - деди өлкө лидери.
