Жалал-Абад облусунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселеси талкууланды
Манас шаарындагы административдик имаратта 17-октябрда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы коомдук аң-сезимди жогорулатуу максатында иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урмат Самаев, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, укук коргоо түзүмдөрүнүн, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, аксакалдар жана жарандык коомдун мүчөлөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулук бүгүнкү күндө коомдогу эң орчундуу жана көйгөйлүү социалдык маселелердин бири экени белгиленип, аны чечүүдө комплекстүү мамиле зарылдыгы баса белгиленди.
Облус башчысынын орун басары Урмат Самаев өз сөзүндө бул теманы көтөрүү менен гана чектелбестен, аны чечүүнүн натыйжалуу жолдорун табуу, зомбулукка каршы коомдук аң-сезимди күчөтүү, тиешелүү институттарды бекемдөө жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле ал окуучуларга өз укуктарын түшүндүрүү, кооптуу абалды таануу жана кайда кайрылуу керектигин үйрөтүү боюнча сабактарды өткөрүү зарылдыгын кошумчалады.
