БА өлкөлөрүнүн жана Кытайдын ИИМ башчылары трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү талкуулашты
КР ИИМ
7 сентябрь

БА өлкөлөрүнүн жана Кытайдын ИИМ башчылары трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү талкуулашты

Кытай Эл Республикасында «Борбордук Азия - Кытай» форматында ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин расмий эмес жолугушуусу болуп, ага Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.

Жолугушууда укук коргоо органдарынын жетекчилери коопсуздукту камсыз кылуу, трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана практикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Жолугушууда сөз сүйлөгөн Улан Ниязбеков мамлекеттердин ортосунда экономикалык, транспорттук жана гуманитардык байланыштардын кеңейиши укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүнү талап кыларын белгиледи.

«Трансулуттук кылмыштуулук, терроризм жана экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, киберкылмыштуулук жана башка коркунучтар барган сайын бир мамлекеттин чегинен чыгып кетүүдө. Алар туруктуу координацияны, ыкчам маалымат алмашууну жана укук коргоо органдарынын тыгыз өз ара аракеттенүүсүн талап кылат», - деди министр.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Министр 1-сентябрда Бишкек шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин маанисин белгиледи.

«“Борбордук Азия - Кытай” форматы маанилүү саясий мааниге гана ээ болбостон, конкреттүү практикалык мазмунга ээ болуп жатат. Биздин милдет - мындай өз ара аракеттенүүнү туруктуу жана мүмкүн болушунча ыкчам кылуу», - деп баса белгиледи Улан Ниязбеков.

Сапардын алкагында ведомстволордун жетекчилери укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоого жана алардын кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга арналган Фучжоу шаарындагы окуу борборунун ачылыш аземине катышты.