АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду 22-апрелде өтүшү ыктымал
АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду 22-апрелде Пакистанда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу CNN телеканалы жеке булактарына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, АКШ делегациясын вице-президент Джей Ди Вэнс жетектеп, ал шейшемби күнү Пакистанга жөнөп кетет. Ал эми Иран тарапты парламенттин спикери Мохаммад Багер Галибаф өкүлдүк кылышы күтүлүүдө.
Ошол эле учурда Тегерандын сүйлөшүүгө катышуусу боюнча кырдаал белгисиз бойдон калууда. Буга чейин Иран өкүлдөрү сүйлөшүүгө катышуу боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин билдиришкен. Мындан тышкары, өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү азырынча экинчи раундга катышуу планы жок экенин айткан.
Галибаф жакында Иран «коркутуулар алдында» сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын айтып, Вашингтонду Ормуз кысыгындагы аракеттери аркылуу басым көрсөтүүгө аракет кылып жатат деп айыптаган.
Сүйлөшүүлөр аймактагы чыңалуунун фонунда өтүүдө. 21-апрелде АКШ менен Ирандын ортосунда мурда белгиленген убактылуу элдешүүнүн мөөнөтү аяктайт. Андан кийинки диалогдун келечеги белгисиз бойдон калууда.
Буга чейин тараптар чыңалууну азайтуу боюнча аракеттерди көрүшкөн, бирок Ормуз кысыгындагы окуялар жана өз ара айыптоолордон кийин кырдаал кайра курчуп кеткен. Атап айтканда, АКШ ирандык кеменин кармалганын билдирип, бул жаңы чыңалууну жараткан.
Ошого карабастан, ортомчулар сүйлөшүүлөрдү уюштурууга аракет кылып, келишимге жетишүү жана чыңалууну азайтуу үмүтүн сактап келишүүдө.
