Садыр Жапаров БРИКС саммитине катышуу үчүн “Казань Экспо” көргөзмө борборуна келди
24 октябрь

Садыр Жапаров БРИКС саммитине катышуу үчүн “Казань Экспо” көргөзмө борборуна келди

Президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди.

Иш-чарага келген мамлекет башчыларын Россия президенти Владимир Путин тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин, өлкөлөрдүн лидерлери XVI БРИКС+ саммитинин биринчи пленардык отурумуна кеңейтилген форматта катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.