Манас шаарында оор жүк ташуучу унааларга карата рейд өткөрүлдү
12 июль

Манас шаарында оор жүк ташуучу унааларга карата рейд өткөрүлдү

Манас шаарынын мэриясынын Транспорт жана коммуникация бөлүмү Манас ШИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү (ЖКККБ) менен биргеликте оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө карата рейддик иш-чара өткөрдү.

Рейд жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, муниципалдык жолдордун сапатын сактоо жана алардын эксплуатациялык мөөнөтүн узартуу максатында уюштурулду.

Белгилей кетсек, Манас шаарынын аймагында салмагы 18 тоннадан ашкан оор жана ири габариттүү жүк ташуучу унаалардын муниципалдык жолдордо жүрүүсүнө 1-июнунан 15-сентябрына чейин күн сайын саат 10:00дөн 21:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилген.

Рейддин жүрүшүндө белгиленген талаптарды бузган оор жүк ташуучу унаалар аныкталып, айдоочуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик айып пулдар салынды.