Бишкекте өзүн "уста" катары тааныштырып, жарандарды алдап жүргөн жаран кармалды
Бишкекте өзүн "уста" катары тааныштырып, батирлерди оңдоп-түзөө шылтоосу менен жарандарды алдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи райондук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 14-августунда Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына Н.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, М.А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Арызда көрсөтүлгөндөй, 2026-жылдын 21-майында болжол менен саат 15:00 чамасында Чүй проспектисинде М.А. бөтөн мүлктү ээлеп алуу максатында кылмыштуу ниетин ишке ашырып, өзүнө алган милдеттенмелерин аткарууга алдын ала ниети жок туруп, Гагарин көчөсүндө жайгашкан Н.С.нын батирин оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп берүүнү убада кылган.
Ал алдоо жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу аркылуу жалпы суммасы 736 миң сомду түзгөн келишим түзгөн.
Андан соң Н.С.дан алдын ала төлөм катары 700 АКШ долларын накталай жана 159 585 сомду банктык эсепке которуу жолу менен алган. Натыйжада жалпы суммасы 220 800 сом болгон акча каражатын ээлеп алып, убада кылган иштерди аткарбастан, изин жашырып кеткен.
Мындан тышкары, ички иштер органдарына ушундай эле аракеттерден жабыр тарткан 10дон ашык жаран кайрылган. Учурда келтирилген жалпы материалдык зыяндын өлчөмү такталууда.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери 1997-жылы туулган М.А., аттуу жаранды шектүү катары аныктап, кармашкан.
Ал тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96–97-беренелерине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи шектүүнүн мыйзамга каршы ишмердүүлүгү тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандарды, ошондой эле анын аракеттеринен жабыркаган адамдарды ички иштер органдарына тиешелүү арыз менен кайрылууга чакырат.
