Кадамжайда мечиттин садака кутучасынан акча уурдоого шектелип 19 жаштагы жигит кармалды 
Баткен ОИИБ
21 апрель

Кадамжайда мечиттин садака кутучасынан акча уурдоого шектелип 19 жаштагы жигит кармалды 

Кадамжайда мечиттин садака кутучасынан акча уурдалган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 20-апрелинде саат 03:30 чамасында милицияга “Аль-Бухари” мечитинин короосунда белгисиз жаран садака кутучасын бузуп, ичиндеги акчаны уурдап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ошол эле замат Кадамжай РИИБдин ыкчам тергөө тобу алынган маалыматтын негизинде аталган аймакка барып, кылмышка шектүү катары Ош облусунун Ноокат районунун Бел-Өрүк айылынын 19 жаштагы Ж.И.экендиги аныкталып, кармалды.

Аталган факты Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча катталып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.