Жалал-Абадда мыйзамсыз курулуп жаткан кыш заводунун иши токтотулду
Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында ижарага алынган жер тилкесиндеги кыш заводдун курулушунда мыйзам бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен кабарлашты.
Текшерүү министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан жүргүзлгөн.
Тактап айтканда, аталган объектиде тиешелүү архитектуралык-уруксат берүүчү документтер алынбастан жана милдеттүү мамлекеттик экспертизадан өткөрүлбөстөн, курулуш иштеринин жүргүзүлүп жатканы аныкталды. Мындай өндүрүштүк объектилерди тиешелүү экологиялык, техникалык жана коопсуздук талаптарын сактабастан куруу мыйзам талаптарына каршы келет жана айлана-чөйрөгө, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, башкармалыктын адистери тарабынан буга чейин курулуш иштерин токтотуу боюнча бир нече жолу эскертүүлөр берилгенине карабастан, курулуш-монтаждоо иштери улантылган.
Мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатында, курулуш иштерин жүргүзгөн “Мадина Компани” ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, объекттеги бардык курулуш иштерин токтотуу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди. Ошондой эле 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынып, протокол түзүлдү.
Учурда заводдун курулуш иштери толугу менен токтотулду.
