Оштун мэри Ички аскерлердин 7703 аскер бөлүгүн кыдырды
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 3-августта КР ИИМдин Ички аскерлеринин 7703 аскер бөлүгүнө иш сапары менен барды.
Мэриядан кабарлашкандай, калаа башчысы жеринде аскерлердин кызматтык ишмердүүлүгү, күжүрмөн даярдыгы, материалдык-техникалык базасы жана кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттарды жеринен көрүп чыкты.
Анын жүрүшүндө бөлүктүн командачылыгы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги объектилерди кайтаруу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда жана массалык иш-чараларда коомдук тартипти сактоо боюнча аткарылып жаткан кызматтык милдеттер тууралуу кеңири маалымат берди.
Мындан тышкары, шаар башчысы казарманы, ашкананы, медициналык пунктту, спорттук аянтчаны жана жоокерлер пайдаланган башка жайларды кыдырып, аскер кызматкерлери менен баарлашты. Алардын кызмат өтөөсү жана жашоо-тиричилиги үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөргө баа берип, сунуш-пикирлерин укту.
Жолугушууда аскер кызматкерлеринин социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана материалдык-техникалык камсыздоону чыңдоо маселелери талкууланды.
Иш сапарынын соңунда Жанарбек Акаев Ички аскерлер өлкөдө мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү кызмат өтөп жатканын белгилеп, өздүк курамга жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
