Тоң районундагы “Южный” пансионаты мамлекетке кайтарылды
Ысык-Көл областынын Тоң районунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мамлекеттик мүлктү кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, мурда мамлекеттин менчигинде турган Кажы-Сай айылындагы “Южный” панснионаты жана ага тийиштүү жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактардын менчигине берилип кеткендиги аныкталган.
Келтирилген прокурордук чара көрүү актылардын жыйынтыгында 14 миллион 988 миң сомду түзгөн “Южный” пансионатынын имараты жана 10 183 чарчы метр жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
