Чүй облустук прокуратурасы ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү
Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан экономика жана коммерция министрлигинин, салык кызматынын, областтык ички иштер органдарынын жетекчилеринин, ошондой эле жеке ишкерлердин катышуусунда ишкердик субъектилеринин укуктарын коргоо максатында жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти
Жолугушууда ишкерлердин укугун коргоо, ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, укук коргоо, салык жана башка контролдоочу органдар тарабынан ишкердик субъектилердин ишмердигине негизсиз кийлигишүү, мыйзамсыз текшерүү фактыларын болтурбоо, мындай учурлар аныкталган учурда күнөөлүү кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылаары талкууланды.
Ошону менен бирге, ишкердик субъектилерине укук коргоо, салык органдары тарабынан текшерүүлөр автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу прокуратура органдарынан каттоодон өткөндөн кийин гана жүргүзүлөөрү, прокуратурадан катталбаган текшерүүлөр мыйзамсыз жана алардын жыйынтыктары жараксыз болоору, “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси тууралуу кеңири түшүндүрмө берилип, тийиштүү видеороликтер көрсөтүлдү.
Жолугушууда ишкерлер кызыктырган суроолоруна жооп жана пайдалуу маалыматтарды ала алышты.