«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды
Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – депутаттар Дастан Бекешев жана Нуржамал Төрөбекова.
Мыйзам долбоору менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Гульнара Акимбаева тааныштырып, ал майыптыгы бар адамдарды ар кандай иш чөйрөлөрүнө, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматка тартуу максатында иштелип чыкканын билдирди.
Ага ылайык, майыптыгы бар адамдарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу сунушталууда.
Жыйында мындан тышкары «Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору дагы экинчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Аталган мыйзам долбоору электрондук акчалар боюнча укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу, аларды жарандык укуктардын объектиси катары таануу жана мыйзамда белгиленген тартипте мурастоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында даярдалган.
