Нарматова парламенттештерине: Силер Акыйкатчыны монстрга айлантып жатасыңар
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Надира Нарматова Акыйкатчы тууралуу мыйзам долбоорунда Акыйкатчыга кылмыш козгоо укугу берилишине каршы болду.
Айтымында, бул аталган кызматты монстрга айлантат.
«Акыйкатчы – бул мамлекет ичиндеги адам укуктарын, эркиндигин көзөмөлдөөчү уюм. Ал укук коргоо органдарынын катарына кирбейт. Аны укук коргоо органдарынын катарына кошуп койгонуңар туура эмес. Бул – өзгөчө статусу бар бийлик бутагына кирет. Андай болсо, Улуттук банкка, Эсептөө палатасына дагы кылмыш ишин козгоого укук берип коелу. Бул кылганыңар менен Акыйкатчыны монстр кылып жатасыңар. Эртең ар бириңдин үстүңдөн кылмыш ишин козгосо, ошого макулсуңарбы?» – деди Нарматова.
Депутат Чолпон Султанбекова кесиптешинин сөзүн оңдоду.
«Туура эмес маалымат берип жатасыз. Акыйкатчы институту Жогорку Кеңешке караштуу. Аны колубуздан келсе күчөтүшүбүз керек. Эгерде биз монстр кылбасак, жарандардын укугун ким коргойт?» – деди Султанбекова.м
