Талас облусунда 14-майга карата себүү иштери 78,1% аяктады
www
14 май

Талас облусунда 14-майга карата себүү иштери 78,1% аяктады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлигинде бүгүн, 14-майда азык-түлүк коопсуздугунун абалы жана айдап-себүү иштери боюнча жыйналыш өттү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Бул ирет Талас облусундагы азык-түлүк менен камсыздоонун жана жазгы-талаа иштеринин жүрүшү талкууланды. Облус боюнча жазгы-талаа иштерине даярдык бекитилген планга ылайык уюштурулууда. Учурда негизги агротехникалык иштер активдүү жүрүп жатканы белгиленди.

Облустун жалпы айдоо аянты 109,2 миң гектарды түзөт. 14-майга карата себүү иштери 78,1%ы (65,3 миң га) аткарылды.

Дан эгиндери, тоют өсүмдүктөрү, картошка-жашылча, техникалык өсүмдүктөр жана чанактуу өсүмдүктөр боюнча иш-чаралар планга ылайык жүрүүдө. Күйүүчү-майлоочу материалдар жана жер семирткичтер менен камсыздоо улантылууда. Дыйкандар дизель отунун жеңилдетилген баада алууда. Минералдык жер семирткичтерди жеткирүү да этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда аймакта бир катар көйгөйлөр белгиленди: сугат суусунун жетишсиздиги, жер семирткичтердин кымбаттыгы, финансы тартыштыгы жана зыянкечтер менен ар түрдүү илдеттердин жайылуу коркунучу. Бүгүнкү күндө республика боюнча жазгы-талаа иштери кызуу улантылууда. Жалпы 609,1 миң гектар жер айдалып, белгиленген пландын 48,7 пайызы аткарылды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 73,9 миң гектарга көп.