Шылуундардан кантип коргоонуу керек — Улуттук банктын кеп-кеңештери
1 октябрь

Шылуундардан кантип коргоонуу керек — Улуттук банктын кеп-кеңештери

1. Ишенбеңиздер!

Эгер телефон же видео чалуу аркылуу белгисиз адамдар өздөрүн банк кызматкери катары көрсөтүп, текшерүү жүрүп жатканын билдиришсе.

2. Ар дайым эсиңизде болсун!

Банк кызматкерлери эч качан жарандардын банктык маалыматтарын телефон же мессенджер аркылуу текшеришпейт.

3. Эч качан шашылыш чечим кабыл албаңыз!

Кылмышкерлердин негизги максаты - адамдын коркуу сезими менен ойноп, аларды чоң суммадагы акча которууга көндүрүү.

4. Шилтемелерди ээрчибеңиз!

Электрондук почта жана мессенджерлерге келген белгисиз шилтемелер аркылуу шылуундар картаңыздан акча чыгара алышат.

5. Маалыматты текшериңиз!

Сиз маалыматты ар дайым баштапкы булактан, башкача айтканда, расмий веб-сайтта же банктардын жана компаниялардын кеңсесинде текшеришиңиз керек.