Кыргызстандын үч облусунда 130 айыл үчүн жаңы суу системалары курулат
Кыргызстандын үч облусунда жаңы ичүүчү суу системаларын курууга даярдык иштери уланууда, деп билдирет Суу ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы.
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тарабынан Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын 130 айылын таза ичүүчү суу жана заманбап санитардык кызматтар менен камсыздоого багытталган «Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» (1-фаза) программасы активдүү ишке ашырылууда. Программанын жыйынтыгында 450 миңден ашуун тургун таза ичүүчү сууга жеткиликтүү болот.
Департаменттин Долбоорду ишке ашыруу тобунун аймактык адистери жаңы суу менен камсыздоо системалары курула турган райондордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муниципалдык ишканалар менен биргеликте курулуш-монтаждоо иштерине даярдык көрүү боюнча координациялык иштерди жүргүзүп жатышат.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында жана ичүүчү суу секторунда жүргүзүлүп жаткан реформаларга ылайык, республиканын 8 районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү райондук кызмат көрсөтүүчү адистештирилген муниципалдык ишканалар (РПУ) түзүлүүдө.
Ошондой эле айылдарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, айылдык кеңештин депутаттарынын, муниципалдык ишканалардын жана социалдык мекемелердин катышуусунда маалыматтык жолугушуулар өткөрүлүүдө. Жолугушууларда тургундарга долбоордун максаттары жана милдеттери тааныштырылып, жаңы суу менен камсыздоо системасынын курулушу, ишке ашыруу мөөнөттөрү, үй чарбаларын туташтыруу жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча түшүндүрмөлөр берилүүдө
Мындан сырткары, жеринде суу менен камсыздоо системаларына техникалык кароо жүргүзүлүп, учурдагы көйгөйлөр, объекттердин абалы жана кызмат көрсөтүүчү муниципалдык ишканалардын туруктуу иштөөсүнө байланышкан маселелер талкууланууда.
