Кыргызстандын ТИМи Анкарадагы терактты кескин айыптайт
24 октябрь

Кыргызстандын ТИМи Анкарадагы терактты кескин айыптайт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2024-жылдын 23-октябрында Анкара шаарындагы түркиялык “TUSAŞ” компаниясына болгон терактты кескин айыптайт, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

"Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.

Кыргыз Республикасы боордош Түркия Республикасын терроризмге каршы күрөштө колдойт", - деп айтылат билдирүүдө.