
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору таштандынын көлөмү канча тоннага көбөйгөнүн айтты
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуков доклад жасады. Ал катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
2024-жылдын 7 айында ишкана 156 290 тонна таштанды чыгарган, 2022-жылга салыштырмалуу 50 271 тоннага жана 2023-жылга салыштырмалуу 38 589 тоннага көп.
Жолдош Чуштуков белгилегендей, атайын техниканын жоктугунан ишкана учурда шаардык муниципалдык кызматтардын атайын техникаларын колдонуп жатат.
Бүгүнкү күндө борбор калаанын айрым аймактарында графиктен жарым-жартылай, бирок 1 күндөн ашык эмес артта калуу байкалууда.