Улуу Британияда сезондук жумушчу болуп иштеген кыргызстандыктар төлөгөн салыктарын кайтарып ала алышат
1 октябрь

Улуу Британияда сезондук жумушчу болуп иштеген кыргызстандыктар төлөгөн салыктарын кайтарып ала алышат

Бул келишимге ылайык, тараптар Улуу Британияда Сезондук жумушчулар программасынын алкагында иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына ашыкча төлөнгөн киреше салыгын кайтарып берүү менен жардам көрсөтүшөт.

Компания бул жаатта жакшы тажрыйбага ээ жана Улуу Британиянын Киреше кызматынын (HMRC) көрсөтмөлөрүнө ылайык, ыйгарым укуктуу агент катары иштейт жана буга чейин Кыргыз Республикасынын 1000ден ашык жарандарына киреше салыгын кайтарып алууда абдан чоң жардам берген.

Улуу Британияда Сезондук жумушчу программасы боюнча расмий иштеген кыргызстандыктар аталган өлкөнүн Салык кызматына (HMRC) төлөгөн киреше салыгын толугу менен же кайсы бир бөлүгүн кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ:

- Сиз акыркы 5 жылда төлөнгөн киреше салыгын кайтарып алсаңыз болот, бирок андан ашык эмес.
- Сиз айрым жумуш берүүчүлөр айлыгыңыздан салык кармап калбагандыктан, иш жүзүндө төлөгөн салыктарыңыз үчүн гана кайтарып ала аласыз.
- Эгер сиз Улуу Британиядан кеткен болсоңуз гана салыкты кайтарып ала аласыз.
- Эгерде сиздин жалпы кирешеңиз 12,570 евродон аз же тең  болсо, сизге төлөнгөн салыктын толук суммасы кайтарылып берилет.
- Эгерде сиздин жалпы кирешеңиз 12,570 евродон көп болсо, анда сиз төлөнгөн салыктын бир бөлүгүн кайтарып аласыз.

 Салыкты кайтарып алуу үчүн төмөнкү документтерди тапшырып, онлайн форманы толтуруу керек:

- P45 формасы
- Чет элдик паспорт
- Электрондук почта
- Онлайн форма: https://wkf.ms/3XGL8JG

Процесс 1,5 айдан 4 айга чейин созулат. Айрым учурларда 8-9 айга чейин созулушу мүмкүн. Толук маалымат алуу жана салыкты кайтаруу үчүн арыз берүүгө  төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыз: Калык Акиева көчөсү, 66 (“Весна” СБ), 4-кабат, В3 кеңсе.