РФ ИИМ: Орус тилин жакшы билбеген мигранттар патент жана жарандык ала алышпайт
1 октябрь

РФ ИИМ: Орус тилин жакшы билбеген мигранттар патент жана жарандык ала алышпайт

“Сертификаты бар, бирок орус тилин билбеген чет өлкөлүк жарандардын миграциялык макам берүү өтүнүчү четке кагылып, тийиштүү маалымат Рособрнадзорго жөнөтүлөт”, - деди мекеменин расмий өкүлү Ирина Волк.

Ал кошумчалагандай, бул жарандык алууну каалагандарга да тиешелүү.  Айтымында үч жылда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан орус тилин минималдуу деңгээлде да билбеген, бирок сертификаттары бар 14 миң мигрант аныкталган.

Байкоочулар Россияда чет элдиктерди тестирлөөдөн өткөргөн билим берүү борборлору Билим берүү жана илим министрлигинин карамагында болгонун, бирок акыркы 10 жылда бул тармак “фильтрлөөчү куралдан мигранттарды массалык түрдө мыйзамдаштырган коммерциялык ишканага айланганын” жазышат.  

Эми бул тармакты укук коргоочулар көзөмөлгө алышат. Ирина Волк билдиргендей, учурда полиция орус тилинен жасалма сынактарды өткөргөн уюшкан топтордун жана жеке адамдардын ишмердүүлүгүн аныктап, ага бөгөт коюуда.