Кара-Сууда үрөй учурган жол кырсыгы катталып, үч айыл башчы мерт кетти
www
21 апрель

Кара-Сууда үрөй учурган жол кырсыгы катталып, үч айыл башчы мерт кетти

Кара-Сууда үрөй учурган жол кырсыгы катталып, үч айыл башчы каза болгондугу айтылууда. 

Каргашалуу окуя кечээ, 20-апрелде Кара-Суу районунун Жаңы Арык айылынан Кызыл-Суу айылына бараткан жолдо болгон.

Кызматкерлер бараткан унаа жардан кулап, Куршаб суусуна түшүп кеткен. Маркумдар Ак-Терек, Жаңы-Арык, Таш-Арык айылдарынын башчылары жана төртүнчүсү Аскер комиссариатынын кызматкери болгон. Алар 68, 64, 50 жана 49 жашта болгону айтылды.