Ош шаарында бузулган 1800 объекти үчүн компенсация кандай төлөнөөрү айтылды
14 май

Ош шаарында бузулган 1800 объекти үчүн компенсация кандай төлөнөөрү айтылды

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту. 

Анда жергиликтүү тургундар турак-жайлар, коммерциялык объектилер “снос” болуп кеткенин жана бул эл үчүн чоң кыйынчылыкты жаратканын айтышты. 

Мубара Аманбаева аттуу тургун бир жыл мурда турак-жайлар жана дүкөндөр бузулууга учураганын, азыр эл кыйын абалда жашап жатканын айтты. 
“Жумуштарыбыздан да айрылдык, азыр жумушсузбуз, жашообуз кыйындады. Компенсация ушул убакка чейин төлөнө элек. Өз үйлөрүбүздү өзүбүз бузуп, кеткен чыгымдарды өзүбүз төлөдүк. Акчабыз такыр жок калды, компенсация маселесин тезирээк чечип берсеңиздер”, – деди ал мэр Жанар Акаевге кайрылып. 

Маалым болгондой, 1250 турак жай жана 550 коммерциялык объектилер буздурулган. Жанар Акаевдин айтымында, аларга компенсация башка аймактардан жер берүү менен камсыздалат. 

“Шаардагы жерлерди трансформациялап, башка жактан жер сунуштайбыз. Бул жер тилкелеринде башка адамдардын да үлүшү бар экен, биз азыр бардык менчик ээлерин тизмелеп бүтүп, документтерди Министрлер Кабинетине жөнөттүк. Жакынкы аралыкта, трансформация маселеси чечилери менен, мыйзамдуу жана акыйкаттуулук менен жерлерди бөлүп беребиз. Аз калды”, – деди Акаев.