
Жогорку соттун жаңы төрагасы жамаатына тааныштырылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы дайындалган төрага Медербек Сатыевди Жогорку соттун жамаатына тааныштырды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагасы болуп дайындоо жөнүндөгү КР президентинин жарлыгын окуп берди.
Акылбек Жапаров белгилегендей, Медербек Сатыев 1995-жылдан бери сот тармагында иштеп келет, президенттин администрациясында да иштеген жана кесипкөй адам.
Министрлер кабинетинин төрагасы Медербек Сатыевге жооптуу кызматында ийгиликтерди каалап, сот адилеттигин жана мыйзамдуулукту камсыздоодогу бийликтин сот бутагынын өзгөчө ролун белгиледи.