Башка бирөөнүн паспортун соцтармактарга жарыялоо – мыйзам бузуубу?
Бул боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду. Депутат Элвира Сурабалдиева бирөөнүн паспортун таап алгандар, анын ээсин табуу максатында паспорттун сүрөтүн соцтармактарга чыгарып калышаарын эске салып, бул мыйзамдуубу деген суроо узатты.
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кутман Мамыровдун айтымында, паспорт ээсинин уруксаты жок паспорт маалыматтарын жарыялоо – мыйзам бузуу болуп эсептелет. А эгерде кайсы бир жаран өз ыктыяры менен паспортун соцтармакка чыгарса, анда мыйзам бузуу эмес.
“Учурда бул боюнча мамлекеттик органдардын 800 өкүлдөрүнө түшүндүрмө жүргүзүлүп жатат. Жакында медицина кызматкерлеринин жана мугалимдердин арасында да түшүндүрүү тренингдери жүргүзүлөт”, – деди Мамыров.
Сурабалдиева бул мыйзамды элге жакшылап түшүндүрүү керектигин, анткени бирөөнүн паспортун таап алып, ээсине кайтарып берүү максатында соцтармакка жарыялаганы үчүн “эмнеге айыппул төлөшүм керек” деген суроо жаралаарын кошумчалады.
