Кошуна мамлекеттен мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды
Ош шаарынын 30 жаштагы тургуну М.Х. Баткен районундагы чек ара көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу кошуна мамлекетке кирип, ал жактан жалпы 1710 даана аялдардын жоолуктарын сатып алган.
Жаран бул товарларды бажы органдарында декларациялабай, Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып өтүү максатында Баткен районунун 51 жаштагы тургуну С.К. менен алдын ала телефон аркылуу сүйлөшүп, анын көрсөтмөсү боюнча, 58 жаштагы К.К. аттуу жаран «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү унаасы менен 3 000 сом акыга жүктү айлампа жолу аркылуу алып чыгып, Кыргызстандын аймагына киргизүүгө аракет кылган учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн корутундусуна ылайык, жоолуктардын жалпы базар баасы 759 450 сомду түзгөн.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (Экономикалык контрабанда) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган үч жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
